Саясат
Садыр Жапаров Будапештке иш сапары менен барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров Венгрияда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров Будапештке 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барат.
Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу болгон Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталмакчы.