Коом
Бишкектеги айрым мектептерде 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Тизме

Бишкектеги бир катар мектептерде 23-май күнү саат 09:00дөн баштап 2025-2026 окуу жылына карата 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Кошумча орундар мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн берилген.
Орундар ачыла турган мектептердин тизмеси: №4, 10, 12, 13, 17, 20, 26, 29, 37, 40, 41, 44, 56, 62, 63, 64, 75, 82, 84, 88, 92, 102 жана 119.