Окуялар
Баңгизатты кашык-вилканын арасына катып алып келишкен. Ошто трансулуттук топ аныкталды

ИИМге буга чейин өлкөнүн түштүгүндө баңгизатты чет өлкөдөн алып жаткан кылмыштуу топ тууралуу маалымат түшкөн. Лос-Анджелестен (АКШ) учуп келген жүктү текшерүү учурунда «Манас” бажы постунун кызматкерлери идиш-аякка жашырылган баңгизат табышкан.
Иликтөөдө эки нарколаборатория менен интернет-дүкөн аныкталган. Шектүү катары үч киши кармалып, тергөө жүрүп жатат.