Маданият

Бишкекте «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы өтүүдө

Бишкек шаарында VIII Бүткүл дүйнөлүк «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы өтүүдө. Кечээ күнү башталган иш-чара 30-майга чейин ар кандай кароо-сынак концерттик программалар менен уланарын Маданият, маданият жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Фестиваль кечээ күнү кыргыздын жашоосун, ырым-жырым, үрп-адат, салт-санаасын чагылдырган театрлаштырылган коюм менен башталып, “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү менен концерт менен уланган. Ошондой эле фестивалдын алкагында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата “Манас” театрында “Тайтору” спектакли тартууланган.

Ошондой эле бүгүн февтиваль “Эпостун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык симпозиум менен коштолуп, концерттик программалар менен уланат.

30-май күнү иш-чара театрлаштырылган гала-программа жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен аяктайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button