Саясат

Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү Тажикстанга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумуш сапарынын алкагында ал Душанбеде өтө турган КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүрүп, чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button