Бишкектеги эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасмага Жаабарс сыйлыгы берилет

III Бишкек эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасмага Жаабарс сыйлыгы ыйгарылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
“1994-жылдан бери илбирс Бишкек шаарынын расмий символу болуп келет. Ал кыргыз элинде ыйык жаныбарлардын бири катары белгилүү.
Бишкек эл аралык кинофестивалында Жаабарс сыйлыгы эң мыкты фильмге ыйгарылышы — бул кино искусствосундагы эң жогорку жетишкендиктерди белгилөө жана табият, искусство менен улуттук мурастын терең байланышын даңазалоо.
Жаабарс — бул жөн гана сыйлык эмес. Бул — тарых, өзгөчөлүк, күч”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-15-июнь күндөрү III Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Анда дүйнөлүк тасмалар көрсөтүлүп, форумдар, атайын көрсөтүүлөр, мастер-класстар өткөрүлөт.