УКМК: Жалал-Абад облусунда жеке менчикке мыйзамсыз өткөн 12 гектарга жакын жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтлгандай, КР УКМК жүргүзгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Сузак, Базар-Коргон, Ала-Букин, Аксы райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтарууга багытталган жалпысынан 2 миллиард сомдон ашык 12 гектарга жакын жер өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска кайтарылган.
Сузак району: мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен, «Жума базары» базары, жалпы пайдалануудагы жерлерге тиешелүү 1,65 га жер тилкеси менен, ал жерде менчик ээлери тиешелүү инфраструктурасы жок соода жайларын стихиялуу соодагерлерге ижарага беришкен, бул жергиликтүү тургундардын тыгынына жана нааразычылыгына алып келген. Учурда бул жер тилкеге жергиликтүү бийлик органдары тарабынан заманбап муниципалдык базардын курулушу башталды;

Базар-Коргон району: Ошондой эле 2,8 гектар жер тилкеси менен чарбалар аралык курулуш уюмунун жана 1,8 гектар жер тилкеси менен «Бабур» кооперативинин имараттары жана курулуштары жеке менчикке мыйзамсыз өткөн. Мамлекеттик ипотекалык компания программасы боюнча аталган жер тилкелерине үйлөрдүн курулушу башталды;
Ала-Бука району: 1,3 гектар жер тилкеси менен оңдоо-техникалык ишкананын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөн. Көрсөтүлгөн жер участогуна Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер бөлүгүн куруу пландалууда;
Ак-Сы район: Автотранспорт ишканасынын аймагы 2 га жер тилкеси, Кербен шаардык мэриясынын гараждары 1,4 га жер тилкеси, питомник 1 га жер тилкеси. Ошондой эле, Кербен стадионунун аймагынан жеке турак-жай жана коммерциялык объекттерди куруу үчүн мыйзамсыз берилген 0,2 гектар жер тилкелери кайтарылды. Учурда бул жерде ФИФАнын стандарттары боюнча заманбап футболдук стадион үчүн курулуш иштери жүрүп жатат.
Таш-Көмүр шаары: «Кристалл» заводунун аймагындагы 1,5 гектар жер. Көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүш ишканаларын куруу пландаштырылууда.

