Коом

Кабмин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга иш сапары менен барат

Бүгүн, 10-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Ташкентке (Өзбекстан) иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы эл аралык инвестициялык форумга катышат.

«Мындан тышкары, ал бир катар объектилерди кыдырып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button