Бишкекте сойкулук менен алектенген 160 кыз аныкталды

Бишкекте “Притон ” аталышындагы алдын-алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Иш-чаранын алкагында көңүл ачуу жайлар, батирлер, мончолор, боди массаж (укалоо кызматын көрсөткөн) салондору текшерүүгө алынып, алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу көзөмөлдөндү. Жарандардын коопсуздугуна жана коомдук тартипке коркунуч жараткан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Жыйынтыгында, жогоруда аталган объекттерден 160ка жакын кыз аныкталып, алардын ичинен 7 кыз боди массаж салонунда иштеп жүргөнү белгилүү болду. Ар кандай укук бузуулар боюнча 50 кызга административдик протоколдор түзүлүп, интимдик кызмат көрсөткөндөр боюнча соттун чечими менен айрымдары 3 суткага камакка алынып, жалпысынан 300 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, текшерүүгө алынган мончолордун жана мейманканалардын ээлери болгон 60ка жакын ишкерлер райондук ички иштер башкармалыктарынын Тергөө кызматтарына жеткирилип, мыйзамдын талаптарына ылайык ишмердүүлүк жүргүзүү тууралуу жазуу түрүндөгү милдеттенмелерин беришти.