УКМК: Кадамжайда милициянын майору пара алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР ИИМдин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору Т.К.А. пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.

Кармалган Т.К. А. кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.

Баткен облусу боюнча КР ИИМ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95.000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.


Учурда кармалган жаран КР УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.