Коом
Кыргызстан — БАЭ футбол беттеши. Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргызстан менен БАЭ курама командаларынын беттеши учурунда Бишкектин борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын Кайгуул кызматы билдирди.
Саат 17.00дөн 23.00гө чейин Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин унаалар үчүн жабылат. Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.