Окуялар
Токмокто өгөй баласынан токмок жеген ата ооруканага түштү

Чүй облусунун Токмок шаарында 46 жаштагы эркек киши өгөй баласынан токмок жеп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-июнда Токмок ШИИБге Токмоктогу 1-кичи райондогу үйдө үй-бүлөлүк жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери жерине барышкан.
Саат 01:30 чамасында 2004-жылы туулган жигит менен 1979-жылы туулган өгөй атасы урушуп кеткени аныкталган. Кесепетинен өгөй ата сабалып, ооруканага түшкөн. Милицияга жабырлануучудан арыз түшкөн эмес. Окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалган.