Коом

Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет жасаган 18 жаштагы шектүү кармалды

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, шектүү тарабынан М.Р. аттуу 33 жаштагы жарандын өмүрүнө коркунуч жаралганы боюнча маалымат түшкөн.

«Тергөөдө экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгону аныкталган. Шектүү Ысык-Көлдөн ТТ үлгүсүндөгү тапанча алып келип, М.Р. менен жолугушууда ок чыгарган. Бул учурда ошол жердеги ИИББдин ыкчам кызматкери асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, шектүүнү кармаган», — деп айтылат маалыматта.

Тапанча жана ок-дарылар далил катары алынып, «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иши козголгону кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button