Коом
Ысык-Көлдө түнкүсүн балык уулаган браконьер кармалды

Ысык-Көлдө түн жамынып балык уулап жүргөн браконьер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июнь саат 00:25тер чамасында Кутургу айылында 47 жаштагы Е.А. аттуу жаран көл жээгинен кармалган.
Шектүүнүн жанынан жарым кап балык, анын шеригинен узундугу 2,4 чакырымга жеткен төрт кап синтетикалык тор алынган. Кылмыш иши козголуп, шектүү 10-июнда камалды.