Коом

КР УКМК делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жетекчилеринин жыйынына катышты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 10-11-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин делегациясы КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын терроризмге каршы күрөшүү боюнча жооптуу жетектөөчү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризмге каршы аракеттенүү жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди координациялоону камсыз кылуучу улуттук түзүмдөрүнүн жетекчилеринин XVIII жыйынына катышты.

Иш-чарага КМШга мүчө 9 мамлекеттин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын 13 органынын жумушчу түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, КМШга мүчө-мамлекеттердин 4 базалык уюмунун жана 3 эл аралык уюмдардын (ЖККУ, ШКУ, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топ) өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жамааттык жана улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарга баа берүү жана алардын өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле,  чек ара аймагында терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, террористтик жана экстремисттик максаттарда пайдаланылган каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын, террористтер колдонгон мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргыз делегациясы сөз жүрүшүндө террористтик жана экстремисттик коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн улуттук тажрыйбасы жана оң практикалары жөнүндө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук укуктук база, анын ичинде стратегиялык жана башка объекттердин террорго каршы корголушун камсыз кылуу, ошондой эле трансулуттук террористтик уюмдар менен күрөшүүнү, аларды каржылоо каналдарын болтурбоону, ошондой эле идеологиялык радикалдашууга, өзгөчө жаштар чөйрөсүндө каршы аракеттенүү боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди.

Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, XVIII жыйынынын жыйынтыктоочу документин кабыл алышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button