Дүйнө
Россия менен Украина сөөктөрдү өз ара өткөрүп беришти

Россия Украинага 1212 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп берди, алардын көпчүлүгү Харьков, Луганск, Донецк, Запорожье, Херсон жана Курск облустарында каза болушкан. Ошондой эле Украина тараптан Орусияга 27 аскердин сөөгү кайтарылды.
Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. Маалыматка ылайык, оор жаракат алган туткундарды алмашуу жараяны да жакын арада башталары күтүлүүдө.