Окуялар
Ошто каза болгон келин боюнча пикирин айткан блогер кармалды

Ошто бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин жолдошунун колунан каза болгон келин боюнча өз пикирин билдирген ТикТокчу Бауржан милицияга жеткирилди. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
«Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Экспертиза дайындалган. Бирок жыйынтыгы чыга элек. Иш козголо элек. Бауржанга чет өлкөгө чыкпаш үчүн кагаз берилген. Ошондуктан чек арадан кармалып, милицияга жеткирилди»,- деди жактоочу.
Адвокат буга чейин милицияга арыз жазуу үчүн кол топтолуп жатканын билдирген.
Эске салсак, ТикТокчу «Жөндөн жөн кантип эле катынын атып салсын? Жамаш иш болгон. Буга 10, 20 жылдык себеп болуп жатат. Арак-шарап болгон жерде ыплас иш болгон»,- деген.