Коом

1-июлдан тарта ОСАГО полиси жоктор айыпка жыгылат

Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын эскертип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.

ОСАГО ири чыгымдан коргой турчу полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button