Маданият

III Бишкек Эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды — жеңүүчүлөр

Бишкек шаарында өткөн III Бишкек Эл аралык кинофестивалы расмий түрдө жыйынтыкталды. Жабылуу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Салтанаттуу кечени Бишкек мэриясынын камералык оркестри ачып, дүйнөлүк белгилүү тасмалардын саундтректерин аткарды — «Венздей», «Спрут», «Крестный отец», «Звездные войны», «Пираты Карибского моря» жана «Рокки».

Концерттен соң фестивалдын жүрүшүн чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, ар кыл конкурстук программалардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Байгелер үч номинация боюнча тапшырылды: Эл аралык, Борбор Азия жана KyrgyzBox.

Эл аралык конкурс (Жалпы сыйлык фонду: 1 500 000 сом)

  • Мыкты оператордук иш — «Качкын», Болсунбек Таалайбек уулу
  • Мыкты актёрдук иш — «Водитель города тишины», Тувшинбаяр Амартувшин
  • Мыкты режиссёр — Сэнгэдорж Жанчивдорж («Водитель города тишины»)
  • Гран-при (Мыкты фильм) — «Крик тишины», Те Мо Наинг

KyrgyzBox конкурсу

  • Мыкты фильм — «Ашыгым», Руслан Акун, Азиза Кхалбекова, Манас Калдаров
  • Мыкты режиссура — «Өч», Илгиз Куватбек жана Шамилбек Бекбосун уулу
  • Мыкты актёрдук иш — «Аяш 4», Динара Багышпаева
  • Мыкты оператордук иш — «Күрөш», Нурбек Мамбетисаев

Борбор Азия конкурсу (Жалпы сыйлык фонду: 1 500 000 сом)

  • Гран-при (Мыкты фильм) — «Мерген», KyrgyzFilm студиясы, CityLab Production, Чынгыз Нарынов
  • Мыкты режиссура — «Joqtau», Аруан Анартай
  • Мыкты актёрдук иш — «Авель», Ерлан Толеутай
  • Мыкты сценарий — «От», Дастан Мадалбеков жана Айзада Бекбалаева

Эл аралык конкурстагы Гран-при сыйлыгын министр Мирбек Мамбеталиев тапшырды.

Мындан сырткары, FIPRESCI (Белгилүү кино сынчылар уюму) 100 жылдыгына арналган видеоролик көрсөтүлүп, бул уюм тандоосу менен мыкты фильмге өзгөчө сыйлык берилди. FIPRESCI уюмуна министрликтен ыраазычылык каты тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button