Коом

Бишкекте кран кулаган курулуш компаниянын иши токтотулду

Кулаган кран боюнча Курулуш министрлиги тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

19-июнда борбор калаанын Кулатов көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй курулуп жаткан жерде кран кулап, жанаша жайгашкан аймакка залакасы тийген.

Курулуш министрлигинин алдындагы Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы окуя болгон жердеги абалды аныктап, акт түзүлүп, учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Адис Курулуш» ЖЧКсынын иши токтотулуп, кран башкарган адиске айып пул салынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button