Окуялар

УКМК: Тамеки аткезчилиги менен алектенген уюшкан топ кармалды

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун аймагына тамекилерди экономикалык контрабандалык жол менен алып кирүү менен алектенген туруктуу трансулуттук топ аныкталды.

2019-жылы О.З.К., З.С.А., Б.Н.Ы, А.А.М.нын колдоосу астында КР аймагына тамеки  түрүндө товарлардын ири партияларын жеткирүүнүн туруктуу кылмыштуу каналын түзүшкөн.

Схема адегенде импорттолгон тамекилерди камакка алуудан, андан кийин аларды сактоого өткөрүп берүүдөн, андан кийин камакка алынган товарларды алып кетүүдөн (эффективдүү уурдоодон) турган.

Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүмү (Экономикалык контрабанда) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун мүчөлөрү «БиМи Ош Сервис» МТОнун жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, товарларын уурдап, андан соң Казакстан Республикасынын аймагына бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн сатып жиберишкени белгилүү болгон.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун жогорку деңгээлдеги кылмыштуу даярдыгы болгон, анын ичинде кутумчулук, ролдорду бөлүштүрүү, мыйзамсыз кирүү жана башка элементтер бар.  Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарына 42 миллион сомдон ашуун  зыян келтирилген.

Учурда О.З.К., З.С.А. жана Б.Н.Ы кармалып, Ош шаардык соту тарабынан КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тектеш кабарлар

Back to top button