Окуялар
Бишкекте 2 жашар бөбөк 14-кабаттан кулап, чарчап калды.

Бөбөк алган жаракаттарынан улам ооруканада чарчап калганын милициядан кабарлашты.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.
ИИМ дайыма ата-энелерге кайрылып, өзгөчө жай мезгилинде терезелер ачылган маалда этият болууну эскертип келет. Балдарды кырсыктан сактоо үчүн терезелерге темир тосмо коюуну унутпаңыз!