Пайдалуу кеңештер

Муз кошулган суусундуктар кимдер үчүн зыяндуу болушу мүмкүн?

Муз кошулган суу жана муздак суусундуктар өнөкөт ичеги-карын ооруларына чалдыккан адамдар үчүн зыяндуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу диетолог Евгений Арзамасцев билдиргенин Baku.ws жазып чыкты.

Адистин айтымында, муздак суусундуктарды колдонуу тамак сиңирүү органдарындагы кан айланууну начарлатып, натыйжада тамак сиңирүү ферменттеринин активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Бул — тамак-ашты сиңирүү процессин жайлатат.

Дени сак адамдар үчүн бул убактылуу гана таасир этсе, гастрит, ашказан жарасы, ичеги-карын сезгенүүсү жана өт баштыкчасында таш бар адамдар үчүн муз кошулган суу симптомдорду күчөтүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, диетолог муздак суусундуктар ашказандагы тамактын сиңишин кечеңдетерин белгилеп өттү. Өзгөчө, гастроэзофагеалдык рефлюкс (GERD) менен жабыркагандар үчүн бул оору күчөшүнө алып келиши мүмкүн.

Адистер эмнеге көңүл бурууну сунушташат?

  • Гастрит жана жара оорусу бар адамдарга муздак суусундуктарды ичпөө сунушталат.
  • Тамактан кийин муз кошулган суу ичүүдөн алыс болуу зарыл.
  • Өзгөчө жайкы мезгилде организмди муздак эмес, бөлмө температурасындагы суу менен нымдаш керек.

Ю

Тектеш кабарлар

Back to top button