Коом

Бишкек мэриясы 350 окуучуну Ысык-Көлгө эс алууга жиберишти

Бишкек мэриясы тарабынан 1-июлдан 10-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде 350 мектеп окуучусу үчүн жайкы эс алуу уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 8 жаштан 15 жашка чейинки балдар Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» балдардын ден соолук комплексинде он күн эс алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.

Балдарды жайкы эс алууга жөнөтүү үчүн тизмелер шаардагы муниципалдык администрациялар тарабынан түшкөн арыздардын негизинде жүргүзүлдү. Райондук комиссиялар тарабынан тизмеге киргизүүдө биринчи кезекте жетим, жарым жетим, ата-энеси майып болгон, ошондой эле социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилди.

Жолдомолор мүмкүнчүлүккө жараша бөлүштүрүлүп, балдар ар кандай ден-соолукту чыңдоочу лагерлерге жана эс алуу жайларына жөнөтүлөт. Бул аракет балдардын жайкы эс алуусун мазмундуу жана пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөт.

«Жаш бишкектиктердин жайкы эс алуусу бардык зарыл болгон санитардык- эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button