Коом
Бишкекте сойкулук менен алектенген 30га жакын кыз аныкталды

Бишкек шаарынын милициясы “Притон” аталышындагы иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында, 30га жакын кыз аныкталды жана 60ка жакын мончо, мейманканалар текшерилди. Кыздар райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, административдик протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдун жалпы суммасы 100 миң сомду түздү.