Коом

УКМК: Камчыбек Ташиев алты  балалуу энеге 2 бөлмөлүү батир тапшырды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Бүгүн, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын  тапшырды.

А.Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне  жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.

Мындан улам жалгыз бой эне УКМК Төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында А.Болотбековага генерал-полковник К.К.Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.  

Генерал-полковник А.Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын болсун деген жакшы тилегин айтты.

Өз кезегинде А.Болотбекова генерал-полковник К.К.Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button