Коом
Техникалык иштерге байланыштуу «Электрондук нотариат» системасы убактылуу токтотулду

Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдайт:
2025-жылдын 4-июлунда Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын («Э-нот») «Өкмөттүк булутка» (G-Cloud) көчүрүү боюнча техникалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу системага кирүү убактылуу токтотулду.
Иштер саат 22:00дөн кийин башталып, болжол менен 2025-жылдын 5-июлунда саат 04:00гө чейин уланат.
Көрсөтүлгөн мезгилде нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү мүмкүн болбойт.
Жарандардан жана юридикалык жактардан нотариустарга кайрылууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз.
Техникалык иштер аяктагандан кийин «Э-нот» системасы штаттык режимде ишин улантат.