Коом

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы жол тилкесинде оңдоо иштери мөөнөтүнөн он күн мурда аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жол бөлүгүндө эскирген магистралдык жылуулук тармактын  узундугу 65 метр, диаметри 530 мм  участкасы алмаштырылды.

Бул жылуулук түтүгү 1985-жылдан бери пайдаланылып келген жана өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аяктаган.

Учурда аталган тилкедеги жол кыймылына коюлган бардык чектөөлөр алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button