Коом

Ишкерлерди шантаж кылып кармалган блогер милицияга“ пара берүүгө” шектелип кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерине пара сунуштаган блогер кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-июнда милицияга Б.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Абай аттуу блогер телефон чалып, “Даамдуу” деп аталган тамактануучу жайды текшерип, бир катар санитардык нормаларды бузуу аныкталганын, аларды коомчулукка жарыялабоо үчүн 100 миң сом акча талап кылганын жазган. Арыздын негизинде 25 жаштагы К.А аттуу шектүү милицияга жеткирилген.

“Шектүү К.А. маселени материалдык ыраазычылык менен чечүүнү сунуштап 100 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ички иликтөө кызматы тарабынан кармалаган”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Back to top button