Спорт
Футбол U-23: Кыргызстан Бахрейнди жеңди

23-июль күнү Бишкек шаарында футбол боюнча олипимадалык курамалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өттү.
Кыргызстан менен Бахрейндин жаш футболчуларынын беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болду.
Кыргызстандын оюнчусу Саид Дациев оюндун акыркы мүнөттөрүндө гол киргизип, эсеп 1:0 менен аяктады.
Мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлдү.
Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы E тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.


