Коом
Бишкектеги шамалдан бак кулап, электр чубалгылары жабыркады

Кечээ кечинде болгон шамалдан Бишкектин Москва көчөсүндө бак кулап, электр чубалгылары жабыркаган.
Белгилей кетсек, шамалдын кесепеттери азырынча жоюла элек, кулаган дарак дагы эле ордунда жатат.
Эске салсак, кечээ, 30-июлда Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түнкүсүн күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин кабарлаган.



