Коом
Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу 4-августка чейин сакталат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 1-августтан 4-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Буга байланыштуу жарандарга коопсуздук чараларын катуу сактоо сунушталат:
- коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундарын этият болууга жана зарыл болгон учурда ыкчам кызматка кайрылууга чакырат.


