Коом

Быйыл социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөкпул алып жаткан жарандардын саны 112,1 миң адамга жетти.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1 357 адамга көп.

Министрликтин маалыматы боюнча, жөлөкпулдарды төлөөгө жалпы 4 миллиард 422,2 миллион сом бөлүнгөн.

Жөлөкпул алуучулардын ичинен:

  • Бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948ге жетти;
  • Багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө өсүп, 21 243 балага жетти.

Тектеш кабарлар

Back to top button