Дүйнө

Окумуштуу Эйнштейндин скрипкасы 405 миң долларга бааланууда

Альберт Эйнштейнге таандык скрипка Улуу Британияда аукционго чыгарылды. Анын баасы 270–405 миң АКШ доллар арасы деп бааланууда. Бул тууралуу Известия агенттиги жазды.

Эйнштейн бул музыкалык аспапты 1890-жылдары сатып алган. Айрыкча ал 1905-1915-жылдары салыштырмалуулук теориясы боюнча эң маанилүү макалаларын жазып жаткан учурда да ушул скрипкада ойногон.

1930-жылдары нацисттер бийликке келгенде Альберт Эйнштейн АКШга көчүп жатып скрипкасын кесиптеши физик Макс фон Лауга калтырып кеткен.
Андан бери 20 жыл өткөн соң Лау бул буюмдарды Эйнштейндин күйөрманы Маргарете Хоммрихке белек кылган. Анын үй-бүлөсүндө 70 жылдан ашык сакталып турган.

Тектеш кабарлар

Back to top button