Без рубрики

Азербайжандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Конокту «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button