Окуялар

Орусияда баңгизатка көз каранды эне тогуз жаштагы уулун баңгизатка байлап алды

Новосибирск шаарынын тургуну тогуз жаштагы уулун баңгизатка байлап койгонун орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

«Айыпталуучу тогуз жаштагы уулун баңгизатын колдонууга мажбурлаган. Жыйынтыгында бала аны менен бирге тыюу салынган затты колдонгон», — деп билдиришти тергөөчүлөр.

Жашы жете электерди баңги затын колдонууга мажбурлоо (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренесинин 3-бөлүгүнүн «а» пункту боюнча) кылмыш иши козголду.

«Аман калгандар» долбоору баңгизаттын таасири астында калган эне менен баланын үрөй учурган кадрларын жарыялады. Кадрда катуу мас абалындагы бала ыйлап, унаадан түшүүгө аракет кылып, апасына жармашып жатканын көрүүгө болот. Долбоор белгилегендей, бала көптөн бери катуу көз карандылыктан жана ашыкча дозадан жапа чегип келген.

Учурда аял балдарды зордуктаганы үчүн абакта отурат. Анын уулу убактылуу чоң ата, чоң энесинин колунда болгон, бирок абал өзгөрүүсүз калган. Бул мезгилдин ичинде бала үч жолу ашыкча ичкен. Андан кийин ал бир нече жолу наркологиялык мекемелерге жаткырылган. Бирок, ал качып кеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button