Окуялар

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жүргүнчү аял каза болду

Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 25-сентябрда саат 07:45 чамасында болгон. 1993-жылы туулган айдоочу Honda Aria унаа менен Бишкек — Кашка-Баш жолунда бара жатып, Hyundai Sonata унаасы менен сүзүшкөн.

Кесепетинен Honda Aria унаасынын 1972-жылы туулган жүргүнчүсү (аял киши) каза болду. Айдоочулар ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button