Коом

УКМК: Өзгөн шаарындагы “Мал базар” мамлекеттин балансына өттү — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдириди.

Маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында КР УКМК тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы жерлерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Өзгөн шаарында жайгашкан 1,28 га жер аянтын «мал базары» үчүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Ал 2002-жылы жеке менчикке сатылып кеткен.

Мындан тышкары, 2018-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкелери ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаарынын мэриясынын жана Жазы айыл аймагынын  балансына акысыз өткөрүлүп берилди.

КР УКМК мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен чыгарылган мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо жана кайтаруу боюнча ишин улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button