Кышында бетке кантип кам көрөбүз?

Кыш мезгили жакындап жатат, кышында бетиңиздин териси чыныгы «стресске» кабылат. Абанын температурасы төмөндөп, бет маңдайга соккон шамал, жаан-чачын — булардын баары терини дүүлүктүрүп, кургатат. Ошондуктан ар бир эле айым озунун кел бетин суулу алып жүргүсү келет.
Суук аба ырайы организмдин нымдуулугун төмөндөтүп, жыйынтыгында тери кургап, эрте бырыш түшүүгө шарт түзөт. Ар бир айым дайыма сулуу жана жаш көрүнгүүсү келет, ошону үчүн бетке кам көрүүсү өтө зарыл.
Кышында бетке кам көрүүнүн негизги эрежелери:
Эгерде, жүзүңүздө кабатыр болууга эч кандай көрүнүктүү көйгөй болбосо да, айымдар эле эмес мырзалар да бетке кам көрүүгө шарт түзүүлөрү маанилүү. Атайын бетке арналган гел негизиндеги тазалоочу каражаттарды колдонуңуз. Ал эми, бет үчүн атайын маскаларды бир жумада бир жолу колдонсонор, кышында ар бир 2-3 күндө жасоо керек.
Үйдөгү же кеңседеги жылыткычтын алдына бир идишке суу куюп койсоңуз да болот. Бул абанын нымдуулугун камсыз кылып турат. Атайын сууктан коргоочу бет майлады колдонуу керек. Сыртыңыздан гана эле нымдуулукка көңүл бурбай, ичиңизден да камсыз кылыңыз. Күнүмдүк суюктукту көбөйтүп, бир күндө 2 литр суюуктук керек болсо, кышында 3 литрге чейин жогорулатыңыз.

Жөнөкөй болгон эрежелерди сактоо менен кышкы сууктан жүзүңүздү толук коргой аласыз. Бирок, сиздин териңиз көйгөйлүү болсо башкача айтканда белгилүү бир учурларда безетки бүдүрлөр чыгып турса, анда ички организмди тазалоо керек. Анткени, ар бир көйгөй сезгенип өзүн билдире баштайт. Эгерде сиздин териңиздин көйгөйлүү экенин билсеңиз алдын алуу чараларын көргөнүңүз жакшы.
Сиз максималдуу таасир берүүчү каражат издесеңиз, анда бетке арналган маскалар кыш мезгилинде эн жакшы жардам бере алат, ал учун Алоэ веранын кремдерин, маскаларын колдонунуз.

Маска — бул табигый каражат. Алардын эч кандай каршы көрсөтмөсү жок, бирок көптөгөн тери көйгөйлөрүн анын ичинде кыш мезгилиндеги маселелерин чечүүгө жөндөмдүү. Ар бир масканын таасир берүү ыкмасы анын курамына жараша болот.



