Франциянын премьер-министри Лекорну бир айга жетпеген убакытта кызматынан кетти

Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорну кызматтан кеткенин BFM телеканалы жана Le Figaro дүйшөмбү күнү атын атагысы келбеген өкмөттүк булактарга таянуу менен билдирди.
Le Figaro гезити президент Эммануэль Макрондун отставкасын буга чейин кабыл алганын кабарлады. Бул тууралуу Елисей сарайынын басма сөз кызматы тастыктады.
Макрондун эң жакын өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелген 39 жаштагы Лекорну 9-сентябрда премьер-министр болуп дайындалган. Франсуа Байрунун кызматтан кеткен өкмөтүндө Лекорну коргоо министри болуп иштеген. Ошентип ал бир айга жетпеген убакыт премьер-министрлик кызматты аркалады. Бул өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң кыска премьер-министрлик, деп жазат Le Figaro. Францияда акыркы эки жылда беш премьер-министр болду.
Бир күн мурун Лекорну өткөн жекшембиде сунуштаган жаңы министрлер кабинетинин курамына байланыштуу оппозициянын сынына кабылган. Андан кийин оппозиция министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө тууралуу добуш берүүгө чакыруу ниетин билдирди.
Жаңы министрлер кабинетинин биринчи жыйыны дүйшөмбү күнү, 6-октябрда түштөн кийин өтүшү керек болчу.



