Спорт

Аяна Асамаликова КМШ оюндарында алтын медалга ээ болду

Азербайжандын Гянджа шаарында өтүп жаткан турнирде кыргызстандык спортчу Аяна Асамаликова Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу турнирдин уюштуруучулары тарабынан билдирди.

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш 3-6-октябрда өтүп, Асамаликова 69 килограмм салмакта жеңишке жетти.

Мындан тышкары кыргызстандык балбандар Асема Төрөгелдиева (53 кг), Сезим Жолдошбекова (57 кг), Акылай Чыныбаева (61 кг) коло медалга ээ болушту.

КМШ оюндарында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын машыктыруучу Нурсултан Аскарбеков жетектеди.

Тектеш кабарлар

Back to top button