Коом

Бишкекте Токомбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн орду алмашылды

Бишкек шаардык кеңеши бир нече көчөлөрдүн атын бекитти. Вице-мэр Азамат Кадыров шаар тургундарынан жана уюмдардан бир нече сунуштар түшкөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, 7-Апрель көчөсүнөн Орок турак-жай комплексинин айланма жолуна чейинки үч бөлүктөн турган Токомбаев, А.Масалиев жана Жайыл Баатыр көчөсүнө Токомбаев көчөсү деп атоо сунушталып жатканын билдирди. Чортекова жана Кривоносова көчөлөрү Масалиев көчөсү деп өзгөртүлөт.

Буга чейин мэрия Токомбаев көчөсү деп өзгөртүүнү сунуштаган Юбилейная жана Ленская көчөлөрүнө (Фучиктен Обьезднаяга чейин) Жайыл баатырдын ысымын ыйгаруу сунушталууда. Фрунзе-Ден Сяопин-Чүй-Шабдан баатыр жол тилкесин Чүй проспектиси деп атоо сунушталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button