Коом
Бишкекте карыздын айынын киши өлтүрүүгө аракет кылган жарандар кармалды- ВИДЕО

Бишкекте карыздан улам адамды өлтүрүп кете жаздаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, М.А Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 6-октябрында аны сабап, бычактаган С. жана Д. аттуу эки адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу») боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган С.С. жана 1974-жылы туулган Г.Д.нын өздүгү такталып, кармалган. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.





