Коом
9-октябрга карата аба ырайы

9-октябрда, өлкө боюнча аба ырайы ачык жана жаан-чачынсыз болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5–9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
— Чүй өрөөнүндө: +16…+21°С
— Талас облусунда: +15…+20°С
— Ош, Баткен, Жалал-Абадда: +20…+25°С
— Ысык-Көл облусунда: +15…+20°С
— Нарын облусунда: +12…+17°С
Бишкек шаарында күндүн табы +19…+21 градус болот деп күтүлүүдө.



