Коом

ИИМ: Эки адамды өлтүргөн жаран күнөөсүн мойнуна алып, окуяны айтып берди — ВИДЕО

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы  кармалган жаран 2006-жылы туулган И.С.нын  катышуусу менен кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин ( Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, ал жерде өзүнүн аракеттерин айтып жана кайталаган.

Андан ары, И. С. үйгө кандай жол менен киргендигин, ошондой эле жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын жеринде кеңири айтып берди. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

ИИМ бул тергөө амалдарын жүргүзүү шектүүнүн көрсөтмөлөрүн тактоого жана иш боюнча далилдерди бекитүүгө мүмкүндүк бергенин белгилейт.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button