Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда президент Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстанга иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө «Борбор Азия – Россия» экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана «Борбор Азия – Россия» форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.



