Борбор калаанын айрым аймактарында 14-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 14-октябрда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт:
-Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л.Толстой көчөсү – Coca-Cola району;
-Садыгалиев көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – П.Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Кустанай көчөсү андан ары Алимжан-Ата көчөсү – ЧЧК – Ленский көчөсү – Космонавтар көчөсү – Коммунаров көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчинский тар көчөсү – П.Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
-«Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110-квартал конушу, «Достук» кичи району.
Суу «Батыш» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



