Дүйнө

Эйнштейндин скрипкасы 1,2 млн долларга сатылды

Альберт Эйнштейнге таандык керемет скрипка аукциондо 860 миң фунт стерлингге (1 млн 153 миң 758,80 долларга) сатылды, деп жазат Daily Mail.

Маалыматка караганда, Альберт Эйнштейн бул скрипканы Германиядан 1890-жылдардын аягында Швейцарияга көчүп барганга чейин алган. 1932-жылы Германияда нацисттер бийликке келгенден кийин Эйнштейн АКШга эмиграцияланган. Жеке буюмдарын коргоо үчүн ал өзүнүн досу, физик Макс фон Лауэге берген. Бул буюмдардын арасында Эйнштейн сатып алган биринчи скрипка болгон.

Ошондой эле досуна велосипедин жана атасы белек кылган философия китебин белекке берди.

Жыйырма жылдан кийин фон Лауе бул буюмдарды Эйнштейндин сүйүүчүсү Маргарета Хоммрихке берген. Буюмдар Маргаретанын небереси аларды аукционго койгонго чейин 70 жылдан ашуун убакыт бою Хоммрихтин үй-бүлөсүндө сакталып турган.

Эксперттер скрипканы 200 миң фунттан 300 миң фунтка чейин баалаган. Баасы 860 миң фунт стерлингге жеткенде залда кол чабуулар жаңырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button