Дүйнө

Хамастын лидери Газада согуш аяктаганын жарыялады

Газа тилкесиндеги согуш бүттү. Бул тууралуу Палестинанын анклавдагы фракциясынын башчысы Халил аль-Хайя билдирди, деп маалымдайт Аль-Жазира телеканалы.

«Биз бир тууган ортомчулардан жана АКШнын администрациясынан кепилдик алдык, алар согуш толугу менен аяктаганын тастыкташты», — деди ал.

Халил аль-Хайя  келишимдин чоо-жайын айтты.

«Биз абактагыларды туткундарга алмаштырабыз, өмүр бою эркинен ажыратылган 250 адам, ошондой эле 2023-жылдын 7-октябрынан бери камакта жаткан 1700 палестиналыктар бошотулат. Мындан тышкары, учурда абактагы бардык жашы жете элек палестиналык балдар, ошондой эле бардык камактагы аялдар бошотулат», — деди Хамастын өкүлү.

Израил Газадагы аскердик операциясын токтотконун азырынча жарыялай элек. Рейтер агенттиги расмийлерге таянуу менен тараптар келишимге Египеттин Шарм-эль-Шейх курортундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюшканын кабарлады.

Тектеш кабарлар

Back to top button