Коом

Феликс Кулов: Автоматташтырылган жабдуулар таза шайлоо өткөрүүгө кепилдик берет

Автоматташтырылган жабдуулар таза шайлоо өткөрүүгө кепилдик берерине ишеним билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Феликс Кулов кабар берди.

Ал “Айчүрөк” соода борборунда өткөрүлүп жаткан добуш берүү процессинин тестирлөөсүнө катышкандан кийин таза шайлоо өткөрүүгө, жарандардын шайлоо укугун камсыздоого бардык шарттар түзүлгөнүнө күбө болгонун айтты.

“Жаңы техникалардын жардамы менен добуш берүү процессин өткөрүү бул таза шайлоого жана өлкө стабилдүүлүгүнө кепилдик берип турат. Мына мен бүгүн тестирлөөгө катышып, жабдуулардын иштешин көрдүм. Биринчиден, бюллетендер басмаканада басылып чыкпайт. Буга чейин мисалы, 4 млн шайлоочу болсо, 1 млн шайлоочу добуш берсе, колдонулбай калган бюллетендерди жок кылууга туура келген же кайталап добуш берүүгө колдонулушу мүмкүн деген күмөндөрдү жараткан. Азыр болсо жабдуу өзү бюллетень чыгарып берет. Экинчиден, шайлоочунун идентификациядан өтүшү. Паспорт көрсөткөндө эле шайлоочу тууралуу маалыматтар чыгат. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, президент да муну кайрылуусунда айтып кеткен эле. Бул шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктагандан кийин, автоматтык түрдө жыйынтыкты чыгарып бергени. Ошондо жарым саат ичинде дээрлик 90 пайыз добуштардын саны белгилүү болуп калат. Бул учур да абдан маанилүү”, — дед билдирди Кулов.

Ошондой эле Феликс Кулов кыргызстандыктарды шайлоо күнү добуш берүүгө активдүү катышууга чакырып өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button